Улукбек Марипов, Эсептөө палатасынын Төрагасы: «Эсептөө палатасы бир гана иштеп жаткан мекемени текшере алат»

7 февраля 2017 12:37 432 Barometr
Поделиться в:
ok

Конституциялык мыйзамдар  мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук  маселелер жана  Жогорку Кеңештин регламенти  боюнча комитетте «Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары»  ЖАКсынын  биргелешкен  ишканасы тарабынан 37 миллион  АКШ доллары  өлчөмүндөгү каражаттардын  пайдаланышын  иликтөө боюнча  убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  2016-жылдын 1-декабрындагы №1155 –токтомун  аткаруунун мөөнөтүн узартуу тууралуу маселесин  каралды. Ал жерге отчёт бергени келген  Эсептөө палатасынын Төрагасынын Төрагасы Марипов   бул маселе боюнча текшерүү иштери жүрбөстүгүн билдирди. “Эсептөө палатасы бир гана иштеп жаткан мекемени текшере алат. Ал эми  ГЭСтин иши башталмак турсун жарым жолдо турат. Андыктан муну текшерүүгө мыйзамдын негизинде укугубуз жок”-деди Төрага.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content761



Добавить комментарий