Кыргызстандын ӨКМсы Казакстандын гуманитардык жардамын кабыл алган жок. Абдан кеч
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен азыркы учурда Казакстан тараптан бериле турган гуманитардык жардамдын актуалдыгы жок экенин кабарлады.
ӨКМнын ЖМКга жарыяланган макаласына таянсак, КРда түзүлгөн жаратылыш-климаттык шарттарга байланыштуу Казакстандын өкмөтү тактай, металл сыяктуу материалдарды гуманитардык жардам иретинде бермей болгон.
“Кыргыз тарап чукул көмөктү ушул жылдын май айында, Ош областында жер көчкү жана жер титирөө болгон кезде сураган. Бирок Кыргызстандын өкмөтү чет өлкөлүк шериктердин көмөгү менен жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жое алды. Буга байланыштуу КР ӨКМ азыркы учурда Казакстандан бериле турган гумжардам өзүнүн актуалдуулугун жоготконун маалымдайт”.-деп айтылат кабарда.
Ссылка: https://barometr.kg/content7597
Добавить комментарий ×