Канат Исаевдин кызы: УКМКнын алты унаасы биздин транспортту ар тараптан кысты
"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канат Исаевдин кызы Бермет социалдык түйүндөр аркылуу кыргызстандыктардан көмөк сурап кайрылды.
Анын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери Исаевдин үй-бүлөсүнүн унаасын токтотуп алып тинтүүгө алышкан.
“УКМКдагылар такыр эле көөп кетишти! "Sos! Элдер үн каткыла! Биз кайда жашап жатабыз. Биздин күч түзүмдөру тууралуу күлгүн кызыл көз айнегимди жаңы гана чечтим”,-деп нааразы болду депутаттын кызы.
“Бир саат мурда мен апам жана досум үчөөбүз Москва көчөсү менен тынч гана унаада бара жатканбыз. Бизди ар тараптан кысып келишип токтотуубузду буйрушту, унаадан алып чыгышып документтерибизди талап кылышты. Ошол эле маалда бири-бирине кыйкырып, сөгүнүп айдоочунун ачкычтарын жана документтерин тартып алышты”,-деп жазды ал.
Бермет Исаева баарын видеокамерага тартып түйүнгө коерун айтканда алар качып кеткенин кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content7595
Добавить комментарий ×