Казакстан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жибербейт
Казакстан Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда КазТАГ маалымдады.
Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы аталган өлкө Кыргызстанга байкоочу жөнөтө албайт деп чечти. Бул тууралуу Казакстандын БШКсынын төрагасынын орун басары Константин Петров билдирди.
“Казакстандын БШКсынын токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасындагы шайлоого байкоочулардын катышуусунан баш тартылат, экинчиден бул боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстандын шайлоолорду жана рефрендумдарды өткөрүү боюнча комиссиясына маалымат берилет”,-деп айтты орун басар.
Казакстандын БШКсы мындай чечимди Кыргызстандын президентинин билдирүүсүнөн кийин кабыл алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content7570
Добавить комментарий ×