Активисттер участокторго “шайлоо айланкөчөктөрү” болбош үчүн видеокамераларды орнотушат

13 октябрь 2017 15:24 515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 13-октябрда  “Биздин салым” коомдук бирикмесинин өкүлү Канат Азис “шайлоо каруселдерин” болтурбоонун жаңы ыкмалары тууралуу айтты. Ал биометрикага карабай шайлоочуларды кайра-кайра добуш бердирүү мүмкүндүктөрү болушу ыктымал деп эсептейт.   

“Мисалы ушунун айынан өткөн шайлоолордо Ноокат районунда сегиз шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарышкан”,-деп айтты ал.

 Канат Азис биометрика “карусель” ыкмасына тоскоол боло албайт деп белгилейт.   

Программа шайлоо участокторуна келип кайра добуш берген шайлоочулардын фотосун жана видеосун аныктайт.   

“Бул программаны байкоочулар смартфондоруна жүктөп алышса болот”,-деп айтты Канат Азис.

Коомдук бирикменин башка бир өкүлү Таалайкуль Токтакунова аталган программанын көмөгү менен маалыматтар элге жарыяланат деп кошумчалады.

Андан соң өкүлдөр видеокамералардын кандай иштээри тууралуу көрсөтүштү.

Баардыгы болуп мындай 2 миң видеокамера сатып алышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7565



Добавить комментарий