Жылытуу мезгили 18-октябрда башталат. Документке мэр Албек Ибраимов кол коюшу керек

13 октября 2017 14:57 539 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкек шаардык мэриясы 18-октябрдан тартып жылуулук берүү мүмкүндүгүн карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Barometr.kgге шаардык администрациядагы булактар кабарлашты.   

“Кечээ мэриянын штабы 18-октябрдан тартып жылуулук берүү маселесин карады, тиешелүү документке мэр Албек Ибраимов кол коюшу керек”,-деп кабарлады маектеш.

 Мэриянын басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу буйрук чыга электигин да кошумчалады.

“Документке кол коюлары менен биз силерге айтабыз”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7562



Добавить комментарий