Мүмкүнчүлүгү чектелген самбочулар эки алтын эки күмүш медаль утуп келишти

6 февраля 2017 17:50 364 Barometr
Поделиться в:
ok

Мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык спортчулар Россияда өткөн дүлөйлөр арасындагы самбо боюнча турнирде эки алтын, эки күмүш утуп алышты. Бул тууралуу Р-Спорт агенттиги жазып чыкты.  Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк мелдеште күч сынашат Россиянын Зеленоград шаарында өткөн турнир 3-февралда башталып бүгүн аяктады. Спорттук таймаш эл аралык Самбо (FIAS) федерациясы менен Дүлөйлөр арасындагы спорт боюнча эл аралык комитеттин колдоосу менен өткөрүлгөн. Кыргызстандын Самбо федерациясынан кабарлашкандай, мамлекеттин намысын беш спортчу коргоп, алардын төртөө байгелүү орундарга ээ болушкан. Алтын медалды 57 килограмм салмак категориясында беттешке чыккан Марсбек Атабеков менен 90 килограмм салмактагы Илгиз Каналбек уулу жеңип алган. Алтындан сырткары, Кыргызстандын капчыгына эки күмүш медаль түштү. Ага Максат Бейшенкулов (62 кг) менен Закир Турдиев (80 кг) ээ болушту. Мелдешке Армения, Беларуссия, Италия, Молдавия, Монголия, Россия жана Украина спортчулары катышкан.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content756



Добавить комментарий