МСК 9 айдын ичинде 52 млрд сом салык чогулткан

13 октября 2017 11:40 580 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Мамлекеттик салык кызматы дээрлик 52 млрд 37 млн сом салык чогулткан. Коюлган план 100% аткарылган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

2016-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 345,7 млн сомго же 9,1% жогорулаган. Аны менен бирге сатуу салыгын кошпогондо (ал боюнча 2016-жылы бошотуулар берилген) салыктын келип түшүүсү 6 млрд 283 млн сомго, башкача айтканда 14,7% жогорулаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7550



Добавить комментарий