Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев коллегия өткөрдү

6 февраля 2017 17:23 662 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Респубилкасынын Экономика министри Арзыбек Кошоев  Экономика министрлигине караштуу стандарттартташтыруу жана метология боюнча борборунда атайын жумушчу коллегия өткөрдү. Коллегияга  вице-премьер-министр Олег Панкратов дагы катышты.

Коллегияда:

  1.  Стандартташтыруу жана метрология бөлүмүнүн 2016-жылдын отчёту.
  2. Банкротство мекемесинин  2016-жылда жасаган  жумуштары жана 2017-жылга коюлган максаттары
  3.  Акредитация борборунун 2016-жылдагы жыйынтыгы, ошондой эле 2015-жылга  койгон пландары.
  4. Мамлекеттик ипотека компаниянын 2016-жылга жасаган жумуштары, жана 2015-жылга койгон пландары.
  5. Борбордук аппараттын жасап жаткан иш тартиптери жана 2016-жылдагы жасаган жумуштары боюнча.

 

 Коллегияда Экономика министрлигине караштуу стандарттартташтыруу жана метология боюнча борборунун башчысы 2016-жылдагы  жасаган иштерин жана 2017-жылга болгон пландарын айтып берди. Мындан сырткары экономика министрлигинин  2017-жылга болгон планы  боюнча атайын өкүл отчёт берди. Мындан сырткары Арзыбек Кожошев: «Кыргыз өкмөтүнүн жасаган иштеринин 33%ын экономика министрлиги жасады. Бул деген абдан чоң жүк, ишеним. Жалпы 3,8 болгон экономикалык өсүшкө биздин салымыбыз бар деп эсептейм.  Эки үч күндөн бери  дүйнөлүк рейтингдер боюнча абдан көп сындар айтылып жатат. Айрыкча  «Doing Business»  боюнча абдан көп сын айтылып жатат. Өткөн жылы Кыргызстан «Doing Business» рйтингинде дүйнөнүн 170 өлкөсүнүн ичинен 75-орунду ээлеген. Биздин алдыбызда бул рейтингди 50 тобуна кирүү максаты турат. Биз үстүбүздөгү жылы апрелде көрсөткүчүбүздү бир кыйла жакшыртууну пландап жатабыз. Мындан тышкары 2016-жылдын акча базабыз  27%га өстү., 85 миллиардга чыкты.  Бул деген экономикабызга акчабыз 27%га көбөйдү дегенди билдирет.  Бүгүнкү күндө  банк системасында  депозиттерге 65%дан 52%га донордун көлөмү азайды.   Мындан сырткары кредит берүү тармагында 2015-жылы 55%болсо 2016-жылы доллар менен берген каражаттар 10%га азайды. Бул дагы өкмөт тарабынан жасалган жумуштардын бири деп эсептейбиз. Былтыр  премьер-министрдин  колдоосу менен атайын кепилдик фонд түзүлдү. Кепилдик фондго  республикалык бюджеттен 72млн сом берилди. Азия өнүктүрүү  банкынан 3 млн доллар берип кепилдик фондго берилип фонддун жалпы акчасы 280сомго жетти. Бул биздин мурда  каражат ала албаган ишкерлерге кепилдик фонд жакшы жардам берет. Россия-Кыргыз фондунун 2016-жылдагы жасаган иштери жакшы болду. 2017-жылга дагы өздөрүнүн экспортко иштөө пландары бар. 2017-жылдын башында фискалдык саясат боюнча концепсиясын аткаруу  боюнча бизде салык кодексинин аткаруу боюнча талкуу жүрүп жатат. Азырынча коомдо муну талкуулап жатат. Талкуу бүтсө муну биз  өкмөткө алып чыгабыз. Биздин баардык иш аракеттерибиз  ишкерлерди жана экспортко чыгып жаткан товарларды колдоо болот.  Кудай буйруса 2017-жылы экспорттун көлөмүн  көтөрөбүүгө аракет жасайбыз»-деп айтып өттү.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content755



Добавить комментарий