Тарых музейинде 60 жылдан бери жаткан мумияны адистердин жоктугунан улам жерге көмүшөт

13 октября 2017 11:34 812 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандын тарых музейиндеги мумия жерге көмүлөт. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

12-октябрда Маданият министрлиги ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында КРнын Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турган мумияга байланыштуу маселе боюнча жыйын өткөрдү.

Маданият министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мумия 60 жылдан бери жатканы менен илимий издөө иштерин жүргүзүшкөн эмес. Анын себеби адис антропологдун жоктугуна байланыштуу.

 Мумия сакталып калышы жана чирип кетпеши үчүн атайын бальзамдоо процедураларын өткөрүп туруу кажет, бул адистин жана зарыл каражаттын жоктугунан жасалбай келген.

Мумия жерге берилгени менен аны болочокто казып алуу шарттары сакталып анан көмүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content7549



Добавить комментарий