КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков теледебатка келген жок
КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков КТРКда өткөн теледебаттардын экинчи туруна келген жок. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда өткөн дебаттардын жүрүшүндө белгилүү болду.
“Талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт өнөктүгүнө байланыштуу теледебатка катыша албайт”,-деп кабарлады алып баруучу Алмаз Касымалиев.
“Талапкер келбегени жаман болуптур. Мен ага канча ирет чакырык таштадым. Бир аз мурда эле Кочкор-Атада жарыш сөзгө чыгууга чакыргам”,-деп айтты анын атаандашы Адахан Мадумаров.
Белгилей кетсек, кечээ болгон теледебаттардын экинчи турунда жарыш сөзгө Арсланбек Малиев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев жана Адахан Мадумаров чыккан.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда шайлоо 15-октябрда өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7547
Добавить комментарий ×