Бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт
Бүгүн, 13-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25; Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27; Баткен дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20; Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +17...+22;
Бишкек шаарында 13-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.
Ал эми 14-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир районондорунда жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Ссылка: https://barometr.kg/content7541
Добавить комментарий ×