Астанада Сирия согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өтүүдө

6 февраль 2017 16:53 431 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Астанада Сириядагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтүүдө. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин камсыздоо боюнча кабыл алынган механизмди талкуулоого чогулушту. Астанадагы жыйын БУУнун жана Иордания өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп жатат. 23-24-январдагы сүйлөшүүлөр алты жылга созулган жарандык согушту жөнгө салуу боюнча алгылыктуу натыйжа берген эмес. Бирок тараптар урушка байкоо жүргүзүү боюнча бирдиктүү ыкчам топ түзүүгө макулдашкан. Бул топко Орусия, Иран жана Түркиянын эксперттери кирген.  «Маселени токтотпосок болбойт,  адам өлүмү менен эч ким ойнобош керек»-дешет билермандар.

Ссылка: https://barometr.kg/content754



Добавить комментарий