Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мухтар Нургазиев: Сооронбай Жээнбеков бүт өмүрүн элге арнады

12 октября 2017 23:00 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка талапкерлигин коердон мурда канча деген тепкичтерден өттү. Үй-бүлөсүндө балдардын ортончусу болуп, үйүндө дагы, айылда да көп эмгектенген бала болгон, деп билдирди Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мухтар Нургазиев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков губернатор кезинде дайыма ардагерлерден кабар алып, аларга кам көрүп, элге кам көрүп, эмгегин, иштеген ишин эл үчүн, калк үчүн арнаган. «Элге болсун, калкка болсун, анан менде болсун дегендердин бири. Сооронбай Жээнбековдой мыкты жигитибизди көтөрүп, алаканыбызга салып, өлкөбүздү башкар, өнүктүр, ошого күчүн жетет экен, көп тепкичтерден өтүптүрсүң, эмгегиңдин жакшы жактары, өнүгүүгө арналган жактары көп экен, деп элибиз жактырып калды. Мен анын эмгекчилдигин, калыстыгын дайыма бир нукта жүргөнүн жактырам. Адам баласынын, жетекчинин жүрүм-туруму дайыма эл менен болсо, элге эмгек кылса, ошол иши менен элге жагат. Сооронбай Жээнбековду жалпы элибиз колдойт деп ишенем. Баарыбыз бир добуштан шайлап алалы!», - деп белгиледи ардагер жана Сооронбай Жээнбековго президенттик кызматта элине-жерине жан үрөп кызмат кылуу каалоо-тилегин айтты.

 

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 12.10.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7530



Добавить комментарий