43 миң жаран Россиядагы кара тизмеден чыгарылат

6 февраля 2017 16:30 554 Barometr
Поделиться в:
ok

«Бүгүнкү күндө Россияда – 600 миңден ашуун эмгек мигранты, Казакстанда 110 миңден ашуун мекендештер иштейт. Ведомство тарабынан эмгек мигрантарынын чет өлкөдө жүрүү шартын жана алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле белгилей кетсек, ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарын медициналык камсыздоо тутуму киргизилген, бул кыргызстанлдык мигранттардын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Мындай маалыматты бүгүн  КРнын миграция кызматынын Төрагасы  Медетбек Айдаралиев өкмөт башчы менен жолугушууда билдирди.   Миграция кызматынын төрагасы маалымдагандай, Кыргызстан жарандарын Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча иш жүрүүдө. Агенттиктин башчысынын билдиргенине караганда “Кара тизмеге” киргизилген 110 миң мекендешибиздин 43 миңи жакын арада тизмеден чыгаруу иштери аягына чыгып калды.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content753



Добавить комментарий