Аксыда калың кардан улам мектептин, үйдүн чатырлары сынууда

6 февраля 2017 14:31 372 Barometr
Поделиться в:
ok

Аксы жана Ала-Бука райондорунда 2017-жылдын 3-4-февраль күндөрү тынбай жааган кардын калыңдыгы 70 сантиметрден ашкан. Аксы районунда тынбай жааган кардан улам турак үйлөрдүн чатырлары сынууда. "Калың кардын кесепетинен Аксы районунун Кербен шаарындагы Ак-Дөбө айылында жети турак жайдын, Мукур айылында эки турак жайдын, Жерге-Тал айылында бир үйдүн, Өлөң-Булак айылындагы Абдырахманов жана Шатманов атындагы мектептердин шиферлери сынган", — деп өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.  шаарынын жана Авлетим айыл аймагынан жалпысынан 10 турак жайдын 473 даана шиферлери жараксыз абалга келгендиги аныкталган. Мындан сырткары, Ала-Бука районунун Ак-Там айылынын тургунунун 30 даана шифери жараксыз деп табылган. ӨКМ кызматы жеринен иш алып барууда

Ссылка: https://barometr.kg/content752



Добавить комментарий