Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
Кыргызстанда «террордук актыларды ишке ашырууга даярдык көрүп жүргөн» деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октбярда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.Х. кармалды. Ал Сайфуллах-аш-Шишани жетектеген «Джабхат Фатх аш Шам» (мурдагы «Джабхат ан Нусра») террористтик уюмуна мүчө болуп, Сириядагы согушка катышкан. К.Х. 2013-жылы эл аралык террористтик уюмдарга кошулуу үчүн Сирияга кетип, «Джабхат Фатх аш Шамга» кошулган.
«2016-жылы террористтик уюмдун жетекчилеринин буйругу менен Сириядан Борбор Азия мамлекеттеринин аймагына келип, алардын арасында Кыргызстанда теракттарды уюштуруу максатында кайтып келген»,- деп айтылат билдирүүдө.
Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7513
Добавить комментарий ×