Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу билдирди

12 октября 2017 15:29 848 Barometr
Поделиться в:
ok

 

  Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөл-өткөрмө жайларындагы абал тууралуу билдирди. Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 12-октябрында саат 13:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал төмөнкүдөй:

- “Акжол” өткөрмө пунктунда 250го чейин адам топтолуп, “Кордай” өткөрмө пунктунда – 25 жеңил жана жүк унаалары күтүп калган. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында шлагбаумдан МАИ постуна чейин 200 жеңил жана жүк унаалары турат;

- “Ак-Тилек” пунктунда топтолгон жарандар жок, бирок 150 ири жүк унааларынын кезеги түзүлгөн. Казакстан чек арачыларынын унаа каражаттарын текшерүү убактысы 30 мүнөттү түзүүдө;

- “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Чон-Капка” көзөмөл-өткөрмө пункттарында жарандардын топтолгону байкалбайт, унаалардын кезеги 15тен 50гө чейин жетүүдө.

Өткөрмө пункттарына жакын КР ӨКМ кызматкерлери тарабынан чатырлар тигилип, тез жардам унаалары кезметте турат.

Учурда МЧК жарандардын жана унаа каражаттарынын чек арадан өтүү убактысын кыскартууга бардык чараларды көрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7509



Добавить комментарий