Шайлоого карата абактарда көзөмөл күчөтүлдү

12 октября 2017 14:36 498 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын 12-октябрынан тарта Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жеке курамы шайлоого карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө тартибине өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күчөтүлгөн тартипке президенттик шайлоону өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоонун алдын алуу жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында өтүшкөн.

Маалыматта айтылгандай, бул убакытта өзгөчө көңүл МЖАК мекемелеринин көзөмөл-өткөрүү жайындагы көзөмөлдү күчөтүүгө бурулмакчы.

Күчөтүлгөн тартип атайын буйрук берилгенге чейин аткарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content7504



Добавить комментарий