Чаткал дарыясына агып кеткен чет элдик жаранды издөө кайра башталды
Поделиться в:
Төрт ай мурда Чаткал дарыясына агып кеткен чет элдик жаранды издөө кайра жандандырылды. Бул туурасында ӨКМ басма-сөз кызматы кабарлады.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Курулуш айылында 2017-жылдын 4-июлунда “Концлер Аурум” алтын кен казуучу ишканасынын котормочусу дарыяга агып кеткен.
Ал 1980-жылы туулган Яргубе Юбуров болгон. Издөө иштери 2017-жылдын 11-октябры күнү саат КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан кайрадан жандандырылып, издөө иштери жүргүзүлдү. Бирок, табылган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content7492
Добавить комментарий ×