Ысык-Көлдө милициянын майору пенсионер аялды зордуктап, абышкасын сабап кеткен
Поделиться в:
Ысык-Көлдө милициянын майору пенсионер аялды зордуктаган, анын абышкасын сабап салган. Мындай окуя жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймагында катталган. Бул тууралуу маалыматты облустун ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта Жети-Өгүз районунун тургуну аймактык укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Анда 55 жаштагы аял майор тарабынан зордукталса, 62 жаштагы күйөөсү сабалып ооруканага жаткырылган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында милициянын майору жабырлануучулардын үйүндө жашап, мас абалда экендиги аныкталган. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content7487
Добавить комментарий ×