Абтандил Кулбараков, Жогорку Кеңештин депутаты: “Буйруса, хоккейдин деңгээлин мындан да жогорку даражага көтөрбүз”
“Долон” командасы чындыгында өтө күчтүү команда экен. “Жумгал Шортон” командасы көптөн берип ойноп жүргөндүктөн тажырыйбасы бар экенин көрсөтүп утуп кетишти. Мага финалга ойногон Долон, Жумгал Шортон, Байзак командаларынын ойногондору абдан жакты. Байзак командасы ушул мелдешти баштагандан бери ойноп келе жатышат. Ат-Башынын хоккейчилери дагы жакшы ойношту. Бул мелдешти биз эми токтотпойбуз. Кыргызстандын курама командасында 11 бала жумгалдык болсо, буйруса көлдүн, Ат-Башынын командаларынын балдары дагы кошулуп калышаар. Чынын айтсам толкунданып турам. Ушундай мелдештерде балдарыбыз урушпай талашпай, бири-бири менен достошуп, тууган болуп калса деген ниетим бар. Быйыл буйруса аба-ырайыбыз дагы жакшы болуп берди. Буйруса кийинки мелдештерди мындан да жакшы өткөрөбүз деген ниетибиз бар. Буга чейин көлдүн чекесин кар менен тосуп алып ойночу элек, азыр борт жасап алдык. Бара-бара үстү жабык жакшы жайга өтөбүз деп ойлойм. Биз кичинекей кезибизде чокойго бутубузга коньки кийбей ийри жыгачтарды алып ойночу элек. Азыр баары жакшы болуп минтип өнүгүп калдык. Буйруса, хоккейдин деңгээлин мындан да жогорку даражага көтөрбүз.
Ссылка: https://barometr.kg/content748
Добавить комментарий ×