Арстан Алай: Мен адамзатты куткара турган инсанмын
Кыргызстандын президентигине талапкер, белгилүү «Зима не будет» цитатасынын автору Арстанбек Абдылдаев адамзатты куткара турган киши экенин айтты. Бул туралуу ал кечээ, 11-октябрда КТРКнын түз эфиринде болгон президентикке талапкерлердин теледебатында билдирди.
“Кыргыздарга космостон өзгөчө программа жиберилген аны элдин акыл-сезимине киргизүү керек. Эгер андай кылбасак анда өлүм жана жаратылыш кырсыктарынан кыргызстаныдыктар гана эмес, дүйнөнүн эли да арылбайт. Мен шайлоого адамзатты куткарага турган адам катары катышып жатам”,-деп айтты Арстан Алай.
Белгилей кетсек, экинчи теледебаттардын экинчи туруна Өмүрбек Бабанов, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Талатбек Масадыков, Токтайым Уметалиева катышты.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/content7471
Добавить комментарий ×