Бишкекте президенттик шайлоого карата даярдык кызуу жүрүп жатат

11 октября 2017 16:40 440 Barometr
Поделиться в:
ok

Калаанын ар кайсы аймактарында жайгашкан шайлоо тилкелерине шайлоо бюллетендерин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын жабдыктарын жеткирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шайлоо боюнча Бишкек шаардык штабынын жетекчиси - вице-мэр Айгүл Рыскулова шайлоо бюллетендерин жана жабдыктарды жеткирүүдө коопсуздукту камсыз кылуу жаатын көзөмөлдөп турган.

Эске сала кетсек, КР президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7443



Добавить комментарий