Чыныбай Турсунбеков хоккей боюнча курама команданы Азия оюндарына узатты

3 февраля 2017 18:16 499 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаардык муз аянтына барып, ушул жылдын февраль айында Жапониянын Саппоро шаарында өтө турган VIII кышкы Азия оюндарына аттанып жаткан Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы менен жолугушту. «Спортсмендер менен маданият өкүлдөрү Кыргызстаныбызды дүйнөгө даӊазалап жатканы – жакшы жышаан» деген Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Кыргызстаныбыздын атынан аттанып жаткан хоккей командабыз дүйнөлүк деӊгээлдеги оюнда кызыл байрагыбызды желбиретет деген ишеничтемин", - деди. Мындан сырткары, Чыныбай Турсунбеков улуттук хоккей командасына ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын Шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясын колдоо иретинде Жогорку Кеӊештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миӊ сом акча каражаты менен өлкөбүздөн желегин тапшырып спортчуларга ийгилик менен бирге ак жол каалады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content744



Добавить комментарий