Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: “Чек арадагы ундарды өткөрүүдөгү фитонсанитария боюнча текшерүүнүн алкагында өкмөткө маселе коюуубуз керек”
Байытылган ундун таасири жана маселелер боюнча арналган тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев катышып бир катар суроолорго жооп берди. Суроолор негизинен чек арадагы ундардын текшерилбей жатканы болду. Бажы биримдигине киргенден кийин чек арадагы текшерүүлөр жокко чыгарылып импорт аркылуу Казакстандан байытылбаган, талапка жооп бербеген ундардын кирип кеткени боюнча маселе көтөрүлдү. Мындай суроолорго Осмонбек Артыкбаев “Туура маселе коюлуп жатат. Биз Чек арадагы фитосанитария боюнча текшерүүнүн алкагында өкмөткө маселе коюуубуз керек. Биз өкмөткө талап койсок, алар бажы биримдигиндеги мамлекеттердин тийешелүү адамдарына бул маселе боюнча кайрылат”-деп жооп берди. Мындай маселени дагы көтөрүп чыгаарын, 4-чакырылышта депутат болгондон бери мындай маселенин үстүндө иштеп жатканын кошумчалап аягында резлюция кабыл алды.
Ссылка: https://barometr.kg/content742
Добавить комментарий ×