"Ак-Жол" бекетинде абдан чоң кезек түзүлдү. Казакстан «Кордай» бекетинде чек ара көзөмөлүн күчөттү

11 октября 2017 10:20 647 Barometr
Поделиться в:
ok

 Казакстандын  чек ара кызматы “Кордай” чек ара өткөрүү бекетинде көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Barometr kgге окуянын күбөлөрү кабарлашты.

“Казакстанга кирүүдө көзөмөл күчөдү, казакстандык чек арачылар кыргызстандыктарды аябай текшерип жатышат. Анын айынан абдан чоң кезек күтүү пайда болду, эл 3 сааттан күтүп жатат”,-деп кабарлашты окуянын күбөлөрү.

 Өз кезегинде  чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева кечээтен тартып казак тарап эч бир себепсиз чек ара көзөмөлүн күчөткөнүн айтты.

 “Бирок казак тарап расмий түрдө бул тууралуу эскертүү берген эмес. Бирок алар көзөмөлдү эскертип да, эскертпей да күчөтүү укугуна ээ”,-деп кошумчалады басма сөз катчысы.

 Белгилей кетсек, “Ак Жол” бекети- же казак тараптан “Кордай” Бишкектен  25 чакырым аралыкта жайгашкан жана күн сайын андан 20 миң адам өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content7413



Добавить комментарий