Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер силкинди
Поделиться в:
Баткен облусунун аймагында бүгүн күчү 5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам мектептердин, аскердик бөлүк жана бала бакчанын имараттарына майда жарака кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Баткен шаарындагы эки мектеп, Чек айылындагы бир бала бакча, чек ара кызматынын Чарбак тозоту кырсыктан зыян тартты. Саат 10:36да болгон силкинүү Ош облусунда да сезилди. Жер кыймылдаган кезде эл дүрбөлөңгө түшүп, имараттардан сыртка качып чыгышканын жергиликтүү эл журналисттерге айтып беришкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринен иш алып барууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content740
Добавить комментарий ×