Сот Аида Салянованы беш жылга соттоду. Депутаттын тарапкерлери судьяны каргашты

10 октября 2017 15:37 392 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 10-октябрда Ленин райондук соту “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. 

Соттун чечими менен Салянова кызы 14 жашка чыккан кезде жазасын өтөй баштайт, азыр Салянованын кызы эки жашта.   

Эскерте кетсек, буга чейин сот Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеевдин лицензиясын узартып берген үчүн  экс-Юстиция министри Салянованы 8 жылга эркинен ажыртууну сураган.

 Өкүч чыгаргандан кийин Салянованын тарапташтары судьяга наалат айтышып, аялдардын бири судья Кубанычбек Касымбековду Темир Джумакадровдун тагдырын кайталап жол кырсыгынан кайтыш болушун каалады.

Салянованын жактоочулары өкүмдү Бишкек шаардык сотуна арызданарын айтышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7389



Добавить комментарий