Мамлекеттик экотехинспекция “Бозымчак” тоо кенин текшерүүгө алды

3 февраля 2017 16:07 624 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик экотехинспексия кызматы өзүнүн ишин тоо кендеринин техникалык абалын текшерүү менен улантып жатат.  Экотехниспекциянын  маалымат кызматы бул тууралуу “Мамэкотехинспекция Кыргызстанда жайгашкан тоо-кен ишканаларына адамдарды куткаруучу бөлүктөрдү түзүү талабын коюп келет. Себеби, көпчүлүк тоо-кен жайларында куткаруучу бөлүктөр жок. Айрым ишканаларда болгону менен алардын түрдүү кырсыктарды жоюуга мүмкүнчүлүктөрү ченелүү. Анткени, өндүрүш объектилеринде өрттөн сырткары, селдин жүрүшү, электр чордонун, калдык сактоочу жайлардын жарылуулары мүмкүн. Маселен, “Бозымчак” тоо-кен ишканасын текшерүүдө Мамэкотехинспекция тарабынан атайын адистештирилген куткаруучулардын жоктугу аныкталды. Ишканага жакынкы куткаруучулар пункту 200 км алыстыкта жайгашкан. Кокус кырсык катталса жолдун начар абалынан жана алыстыгынан ӨКМдин куткаруучулары аны жоюга жетишпейт. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан жеринде тийиштүү актылар толтурулуп, тез арада атайын куткаруу бөлүгүн түзүү талабы коюлду. Ошондой еле, коопсуздук талаптары бузулгандыгына байланыштуу ”Бозымчак” ишканасынын тийиштүү адистерине административдик чара колдонулду. Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан “Бозымчак” ишканасындагы кемчиликтердин жоюулушун дыкаттык менен көзөмөлдөп жатат.

Андыктан Мамэкотехинспекция кырсыктарды алдын-алуу, чукул кырдаалдарды убагында жоюу максатында Кыргызстанда жайгашкан тоо-кен жана өндүрүш ишканаларын тез арада куткаруу бөлүктөрүн түзүп, жумушчулардын коопсуздугун камсыздап бериши талап кылынат. Талаптарды аткарбаган тоо-кен ишканаларына мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт”-деп билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/content738



Добавить комментарий