Аламүдүн районунда 7-класста окуган кыз кош бойлуу болуп калган

10 октября 2017 13:18 475 Barometr
Поделиться в:
ok

 Чүй областынын Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №2 орто мектепте окуган 7-класстын окуучусу кош бойлуу болгон. Бул тууралуу Barometr.kgге бүгүн 10-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

 Учурда ишти териштирүү жүрүп жатат, социалдык педагогго жана класс жетекчисине чара колдонуу каралууда.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду, директор өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Министрлик кыз апасы жана өгөй атасы менен жашай турганын маалымдады. Кош бойлуулукка 28 апта болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7376



Добавить комментарий