Салыкчылар ырчы Кайрат Примбердиев салык төкпөгөнүн аныкташты

10 октября 2017 11:57 462 Barometr
Поделиться в:
ok

 Мамлекеттик салык кызматы  Бишкекте той өткөрүүгө тейлөө көрсөткөн ишкерликтин 67 субъекти салык мыйзамын бузганын аныктады. Бул тууралуу Малекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Үч күндүк рейд маалында 17 ири жалпы тамактануучу жайлар, фото жана видео тартуу жүргүзгөн, залды кооздогон, LED-экранды ижарага берген, тамада, ырчы, музыкалык топторду сунуштаган 124 субъект текшерилген. Алардын 67синин уруксат документтери жок болуп чыккан.

 Документи жок ырчы, тамадалар: К.Ажыбаев, А.Озубеков, А.Туткучев, Р. Абылов, А.Чалова, К.Таштаналиева, опера ырчысы  Б.Ыбыкеев, Э.Муканбетов, тамада А.Табалдиев, К.Кубанычбеков, Жаныбек у. М., ырчылар  Кайрат Примбердиев, Замир Артыкбаев жана башка ыр-бий топтору патент алышкан эмес.

 Текшерүүнү жыйынтыгы менен тиешелүү актылар толтурулду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7371



Добавить комментарий