Квентин Джонсон, Тамактануу боюнча Эл аралык эксперт: «Байытылган ундун маселеси мамлекеттик колдоого жана көңүл бурууга алынуусу зарыл»
Тамактануу боюнча Эл аралык эксперт Квентин Джонсон «Кыргызстандагы байытылган ундарга болгон маселелер тууралуу тегерек столго кайрылып тамактануу жана байытылган унга болгон кайдыгер мамиледен адамдар кандай жабыркаарын, наристелердин өлүмү, аялдардын өлүмү, байытылган ундун маселесинен кандай чыгуу боюнча тренинг өтүп, видео сюжет аркылуу тегерек столдо олтургандарга түшүндүрмө берди. Тегерек столдо эксперт «Байытылган ун бул жеке эле Кыргызстанда гана эмес, баардык мамлекеттерде маселе болуп эсептелинет. Мисалы Казакстанда, Тажикстанда, ошондой эле Түркменистанда Бул маселе кичинекей маселе эмес, бул өтө чоң маселе. Кыргызстандын бир жакшы жери Осмонбек Артыкбаевдин жардамы менен бул маселе саясый дагы көңүл буруу, колдоо бар экен. Бул тууралуу атайын мыйзамдар дагы бар. Бул жерде бир гана өкмөттүк же кайсыл бир уюмдардын эмес, экономикалык дагы жардам керек. Бул экономикалык дагы маселе. Кыргызстан мени кубандырганы ушул ишти колуна алыптыр, мен кубанычтамын. Анткени бул иш башка мамлекеттердин колунан келбейт. Кыргызстандагы бир нече байытылган ундар боюнча иш алып барган мекемелер бар экен. Мисалы «Гүлазык». Гүлазык байытылган унга болгон маселени көтөрүп жүрүшөт. Балдардын, аялдардын өлүмү дагы тамактануудан улам келип чыгат. Мисалы аял кош бойлуу болгондо туура тамактанбаса курсакта жаткан наристенин ден-соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мамлекет буга көңүл буруусу керек. Анткени дени сак эне, дени сак бала демек дени сак мамлекет болот. Мамлекеттин ичине байытылбаган ден-соолукка олутуу зыян алып келбегендей болуусу зарыл. Ал үчүн чек араларда фитосанитардык иштер бекем сакталып, текшерүү өтө каттуу болушу зарыл. Байытылбаган ундан улам жаш балдар жана аялдар анемия оорусуна чалдыгат. Бул оору өтө коркунучтуу оору. Анткени ал айыкпайт. Туура тамактануу бул өтө зарыл нерсе. Адамдын өмүрү туура тамактануудан турат Аз кандуулук экономикалык өсүштү да азайтат. Анемия балдардын акыл эсинин өрчүүсүн жайлатат, жана аялдардын өлүмүн көбөйтөт. Байытылган ун боюнча улуттук программада:
- Саясый колдоо,
- өндүрүштү колдоо,
- Улуттук деңгээлде маселени көтөрүү жана колдоо
-Микроэлементи кабыл алууга жол ачуу
- Өндүрүшчүлөр тарабынан туура баа.
-Экономикалык жактан туруктуу баа болушу зарыл. Байытылган ундун маселеси мамлекеттик колдоого жана көңүл бурууга алынуусу зарыл” –деп айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content737
Добавить комментарий ×