Атамбаевдин Назарбаев тууралуу айткан видеосун 1 миллиондон ашык көрүүчү көргөн

10 октября 2017 10:13 894 Barometr
Поделиться в:
ok

Ишемби күнү 6-октябрда мамлекеттик «Ала –Арча»  резиденциясына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу маалында Алмазбек Атамбаев казак бийлигин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат деп айыптаган.   

“Мен баары бир таза шайлоо өткөрөм. Эмне үчүн казак бийлиги бизге өз талапкерлерин таңуулагасы келип жатканын түшүнүп турам. Алар Бакиевди жакшы көрүшөт. Бакиевдер эмдигиче эле Казакстанда майрамдап жүрүшөт”,-деп айткан Атамбаев сыйлык тапшыруу маалында.

 Ал Кыргызстандын коңшуларына өлкөнүн демократиялык өзгөрүүлөр жакпайт деп белгилеген.

Ал Бабанов менен Назарбаев жолугушканын эскертип, Кыргызстанга жаш президент керек деген сөздү баса белгилеген.”Бирок эң улуу талапкерибиз Назарбаевден 20 жылга жаш. Мен 16 жашка кичүүмүн. Жана кимге жаш президент керек экен: бизгеби же Казакстангабы?”,-деп нааразы болгон Атамбаев.

 Бул видеону БАСЕ маалыматтык порталы жарыялаган. Аталган ролик Интернетте таанымал болуп жатат. Аны бир суткада 300 киши көрсө, үч күндө 1 миллиондон ашуун көрүүчү караган.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7362



Добавить комментарий