Гүлбү Ороскул кызы эмнеден улам каза болгон?
"Сармерден" программасынын алып баруучусу жана белгилүү ырчы Гүлбү Ороскул кызынын өлүмүнүн себептери белгилүү болду.
Экспертизанын пикиринде анын ашказаны ооруган жана ичине кан агуудан улам каза тапкан. Бул тууралуу “Азаттык” маалымдады.
Эскерте кетсек ырчы 6-октябрда көз жумган. Жакындарыны айтымында, Гулбү Орозкул кызы өзүн жаман сезип тез жардам чакырган жана аны ооруканага жаткырышкан. Ырчы ага чейин ооруганын айткан эмес, кадимкидей эле иштеп жүргөн.
Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 8-октябрда Беш-Күңгөй айылында өттү. Ырчынын сөөгү бүгүн Бишкек шаарынын сыртындагы Чоң-Арык аймагында жерге берилди.
Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрда 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Ал 1976-жылы 1-ноябрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 8-классынан баштап Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунан билим алган. Гүлбү Ороскул кызы аткарган обондуу ырлар интернетте жарыяланган клиптер аркылуу да дүйнөгө таркалып, калайыктын купулуна толгон эле. Маркумдун артында эки кызы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/content7335
Добавить комментарий ×