Навальныйды колдоо акцияларында 290 киши кармалды

9 октября 2017 12:22 476 Barometr
Поделиться в:
ok

7-октябрда Орусиянын 26 шаарында өткөн оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акцияларында 290 киши кармалды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы бардык шаарлардагы кармоолор боюнча маалыматтардын топтомуна таянып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады. Акция катышуучулары эркин шайлоо өткөрүү жана цензураны токтотууна талап кылышкан.

 Жекшембиге оогон түнү полиция Москванын Манежный аянтындагы митингди кубалап тараткандан кийин бир топ активисттер акцияны Чистые пруды районунда улантуу үчүн жөнөшкөн. Жолдон полиция бөлүмүнө жакындаганда 18 адам, анын ичинде Свобода радиосунун кызматкерлери Андрей Киселев менен Беат Бубенец кармалган. Алар полиция бөлүмүндө бир саат кармалышып, Бубенец менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Учурда камакта жаткан Алексей Навальный Москва полициясынын бул аракеттерин «Кремлдин оюну» деп атап, нааразылык акцияларына канааттанганын билдирди. Кармоолор Санкт-Петербург шаарында дагы болду.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7325



Добавить комментарий