Түркмөнстанда алдын ала шайлоо башталды
Түркмөнстанда мамлекеттин президентин шайлоо үчүн алдын ала добуш берүү башталды. Президенттик шайлоо 12-февраль күнү өтөт. Өлкөнүн Шайлоо кодексинин 73-беренесине ылайык, 12-февраль күнү өлкөдө боло албаган жарандар эрте добуш берүүгө укуктуу. Алар 2-11-февраль аралыгында атайын шайлоо бекеттерине келип, добуштарын бере алышат. Шайлоо күнү баары болуп 2 миң 578 добуш берүү жайлары иштейт. Президенттик орунга 9 киши талапкерлигин койгон. Анын ичинде азыркы президент Гурбангулы Бердимухамедов да бар. 2016-жылы сентябрда кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, мамлекет башчынын президенттик ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга чейин жана курактык чектөөсү 70 жашка чейин узартылат. Алдын ала маалыматтарга караганда шайлоочулар бул шайлоого активдүү катышып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content732
Добавить комментарий ×