Бишкек-Ош жолунда болгон кырсыктан 5 адам каза тапты

9 октябрь 2017 10:26 373 Barometr
Бөлүшүү:
ok

8-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында мамлекеттик № S95-97AL “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен мамлекеттик № S63-61АЕ “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял). Каза болгондордун жансыз денеси Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Окуя болгон жердеИИМ кызматкерлеринин ыкчам тергөө тобу тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүштү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7315



Добавить комментарий