2020-жылы өтө турган Олимпиададагы медалдар эски уюлдук телефондордон жасалат
Токиодо 2020-жылы өтө турган олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндарга карата медалдар кайра иштетилген уюлдук аппараттардан жасалаарын CNN телеканалы жазып чыкты. Жазылган маалыматка таянсак Япония бийлиги эски уюлдук аппараттар менен электрондук жабдыктардан беш миң медаль жасоо үчүн аларды элден чогултуу боюнча жарыя жасашкан. Мындай жол менен олипиадалык оюндардын уюштуруучулары алтын, күмүш жана коло медалдарды жасатуу үчүн сегиз тонна металл чогултууну пландап жатышат. "Биздин планетадагы ресурстар чектелүү. Аларды кайра иштетүү менен айлана-чөйрөнү коргой алабыз", — деп уюштуруу комитетинин директору Кодзи Мурофуши билдирди. Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Токиодо өтөт. Ал эми паралимпиадалык оюндар 25-августтан 6-сентябрга чейин созулат. Учурда Токио олимпиада кызуу даярданууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content730
Добавить комментарий ×