Ош шаарына 23 жаңы троллейбус келет

2 февраль 2017 12:55 391 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарына жакында 23 жаңы троллейбус келет. Ал жаңы унаалар шаардагы коомдук транпорт маселесин чечүүгө бир кыйла салым кошот. Бул тууралуу шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев 1 аймактык кеңештин жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда айтканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мэр билдиргендей, жакында эле Ош шаарына 30 жаңы автобус алынып келинген. Эми аларга кошумча жаңы троллейбустар шаар көчөлөрүнө чыкса элди тажаткан тыгын маселеси жоюлуп, маршруттук кичиавтобустар тарабынан жол эрежелери бузулган учурлар азаят деп түшүндүрдү

Ссылка: https://barometr.kg/content727



Добавить комментарий