Эмил Эшеналиев мындан ары «Кыргызтелеком» ишканасынын директорлор кеңешин башкарбайт

2 февраля 2017 12:26 487 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кыргызтелеком” ишканасынын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Ага өлкөдөгү интернеттин кымбатташын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу негиз берген.Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн жокко чыгарып, келишимди аргасыздан, казак тарап интернет берүүнү токтотуп салабыз дегенден кийин түзүүгө барганын маалымдап бул айыптардын баарын четке кагып келет. 

Ссылка: https://barometr.kg/content726



Добавить комментарий