Кыргыз каганаты учурундагы рун жазуулары Алтайдан табылды
Поделиться в:
Тарыхчылар Борис Киндиков жана Айбек Чекурашев Алтайдын Онгудай аймагынан эң узун байыркы түрк рун жазууларын табылганын массалык маалымат каражаттары аркылуу билдиришти. Жазуулар Кыргыз каганаты өкүм сүрүп турган 9-10-кылымдарга таандык. Алар бетине жазуу чегилген ташты былтыр күзүндө Каракол (Алтай аймагы) өрөөнүндөгү Бичикту-Боом аймагына жакын жердеги Куттуу деп аталган тоолуу аймакка болгон изилдөө учурунда табышкан. Окумуштуулардын айтымына караганда таштын бетинде 68 рун тамгалары чегилип : "Түбөлүктүү аскага жазып жатам. Бул жердин ээсинен ден соолук жана узак өмүр сурайм" деген жазуу бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content721
Добавить комментарий ×