Өкмөт башчы ийгиликке жетишкен спортчуларга алтын саат жана баалуу белек тапшырды

1 февраля 2017 15:07 439 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2016-жылы ири эл аралык спорттук иш-чараларда ийгиликке жетишкен кыргыз спортчулары менен жолугушту.

 Өкмөт башчы Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан аларга спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук таймаштарда көрсөткөн мыкты натыйжалары үчүн ыраазычылык билдирип өттү.  «Сиздер биздин өлкөнүн сыймыгы болуп саналасыздар, мен бүгүн силер менин жолугушканыма кубанычтамын. Медалга ээ болуу үчүн күнүмдүк эмгек жана талыкпас машыгуу керек. Биз Кыргызстандын атын чыгарган сиздердин ийгиликтерди жогору баалайбыз. Сиздер кыргыз спортчулар өз устаттарынын жолун жолдоп, ар-кыл багыттагы спорттун түрлөрүндө ийгилик багындырууга даяр экендигин далилдеп жатасыздар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Сооронбай Жээнбеков спортчуларга чың ден соолук жана жаңы жетишкендиктерди каалап, аларга өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Спортчуларга премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат жана баалуу белектер ыйгарылды.

 

Сыйлык алгандар:

 

— Калиев Эсен – пауэрлифтинг боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, пауэрлифтинг боюнча Дүйнө Кубогунда 1-чи орунду ээлеген;

 

— Каналбек уулу Ильгиз – дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, дүлөйлөр арасындагы 100 кг. салмакта Дүйнө чемпионатында 2 орунду ээледи , ошондой эле Дүйнө чемпионатынын «Open» категориясында 2 орунга ээ болгон;

 

— Жолчубеков Калыбек – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпионатында 1-чи орунду ээлеген, ошондой эле студенттер арасындагы Дүйнө Чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Тыныбекова Айсулуу – кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия Чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Догдурбек уулу Эламан – эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, олимпиадалык эмес салмактын категориялар арасындагы Дүйнө чемпионатында 3-чү орунга ээ болгон;

 

— Асанов Эсен – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, студенттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Кенжеев Жанарбек – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Азия Чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Сулайманов Калы – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Жузупбеков Узур – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Медет кызы Айпери – кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы кыз-келиндер боюнча Азия чемпионатында 1-чи орунду ээлеген;

 

— Махмудов Акжол – грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 1-чи орунду ээлеген, ошондой эле Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Джамакеев Анарбек – тогуз-коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери, тогуз-коргоол боюнча интеллектуалдык олимпиадада 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Рахманова Дильдора – Алыш белбоо күрөшү боюнча чеберге талапкер, Алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Маматзакиров Кайрат – Алыш белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, Алыш белбоо күрөшү  боюнча 90 кг. салмакта Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Казбек уулу Ирлан – Алыш белбоо күрөшү  боюнча 70 кг. салмакта Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон.;

 

— Мамарасул кызы Алтынай – Алыш белбоо күрөшү  боюнча кыздар арасында 70 кг. салмакта Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Мамбетжан уулу Урмат – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, V Азиялык кумжээк оюндарда кумжээк самбо боюнча 1-чи орунду ээлеген;

 

-Кожобеков Нурбек – белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери, белбоо күрөшү боюнча  Дүйнө чемпионатында 1-чи орунду ээлеген, ошондой эле Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;;

 

— Кенжебаев Эламан – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Жайчибекова Кундузай – самбо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Лукьянов Евгений – кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, кол күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Баратов Акрам – кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, кикбоксинг боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында 1-чи орунга ээ болгон;

 

— Мануилов Максим — самбо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери, самбо боюнча Азия чемпионатында 1-чи орунга ээ болго

Ссылка: https://barometr.kg/content719



Добавить комментарий