Токмокто “Текстиль Транс” текстиль фабрикасынын ачылышы болуп өкмөт башчы катышты
Токмок шаарында атайын текстил фабрикасы ачылды. Ачылышына өкмөт башчы барып катышып “Бардык шектенүүлөргө карабай Евразия экономикалык биримдигине кирүү чечими туура болгон”,-деди Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарындагы “ЕАЭБге кирүүнүн алдында көпчүлүк биздин өнөр жай атаандаштыкка туруштук бере алабы деп шектенишкен. Учурда биз ЕАЭБге кирүү чечими туура болгонуна ынанып отурабыз. Мисалы, бүгүн текстиль фабрикасын ачып жатабыз, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттойт. Бул өндүрүштүн кошумча көлөмү, кошумча жумушчу орундар. Биз туура жолду тандап алдык, ошол жол менен кетишибиз керек”,-деп сөз сүйлөп мындан ары дагы иш аракеттер болоорун айтып Токмок шаарынын тургундарын куттуктады.
Ссылка: https://barometr.kg/content716
Добавить комментарий ×