Осмонбек Артыкбаев өкмөттү социалдык саясатты бирдиктүү багытта иш алып барууга чакырды
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев өкмөттүн эмгекчилдердин ден-соолугун чыңдоо боюнча иш алып барып жатканына кызыкты. Проф союздун өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып 2 млн 447 миң 716 сом каралып, жалпы жолдомонун саны 7476 жолдомо келип, 16 413 адам эс алганын айтты. Депутат социалдык саясат чачыранды экенине токтолду. “Сиздер же медициналык тарап мындай социалдык саясатты өз алдыңыздарча жүргүзөт экенсиздер. Ушуну ойлонуп бирдиктүү багытта иш ал барсаңыздар. Баарыңыздар чогулуп бир чечимге келип максаттуу бир чечимге келсеңиздер иш алдыга жылат эле” деди Эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content711
Добавить комментарий ×