“ДИНАМО” спорттук коомуна 90 жыл толду

31 января 2017 16:15 531 Barometr
Поделиться в:
ok

 “Динамо” спорттук коомунун 90 жыл толгондугунун урматына  атайын Эл аралык мелдеш болуп өттү.  Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстандагы “Гармония” орус маданий борборунун демилгеси менен ИИМдин “Динамо” спорттук коомунун спорттук залында “Динамо” спорттук бирикмесинин түзүлгөнүнүн 90 жылдык мааракесине арналган самбо күрөшү боюнча уландар жана өспүрүмдөр арасында эл аралык 8-мелдеш курч мүнөздө өттү. Мелдешке Казакстан жана Кыргызстандан тандалган 218 жаш балбандар 12 салмак боюнча күч сынашты. Мөөрөй талашта бардык атаандаштарын жеңип, баш байгени уткан спортчулар төмөнкүлөр болду. Эң жеңил салмакта чүйлүк Абдумалик, 38 кг салмакта казакстандык Бакдаулет Бекбосынов, 42 кг салмакта бишкектик Темирлан Уланбек уулу, 46 кг салмакта бишкектик Жаныш Рахатбеков, караколдук Адилет Букаев 50 кг, Адил Огонбаев 55 кг, Жусуп Шакиров 60 кг, бишкектик Атай Отогонов 66 кг, Юрустанбек Токторали уулу 72 кг, Акниет Кулуев 78 кг, Шакир Шакиров 84 кг жана оор салмакта бишкектик Евгений Старов баш байгени багындырып, биринчи даражадагы дипломдор, алтын медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Экинчи жана үчүнчү орундарды камсыз кылган жаш балбандар 2-3-даражадагы дипломдор жана күмүш, коло медалдардын ээлери болушту. Сыйлыктарды “Динамо” спорт коомунун төргасынынын орун басары, милициянын полковниги Т. Мадалиев, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти Н. Токоноев, Кыргызстандагы “Гармония” орус маданий борборунун президенти А.Степанюк, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасынын орун басары А.Хаджиев тапшырды” –деп билдирет маалыматта.  Мындан ары дагы ИИМдин карамагына кирген бул спорттук жай өзүнүн ишин ийгиликтүү улантмакчы. 

Ссылка: https://barometr.kg/content704



Добавить комментарий