Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты: «Эптеп эле айыл өкмөттүк креслого жеткиси келгендер бар»

31 января 2017 15:25 434 Barometr
Поделиться в:
ok

-Айнуру Тойчиевна,  Кенжебек Сатымкулович сунуштаган айыл өкмөттөрдү  эл өзү шайласын деген  мыйзамдын кайсы беренелерине каршы болуп жатасыз?

-Кыргызстан  мамлекеттик парламенттик жаңы башкарууну куруп жатабыз. Биз аны ирээтке салышыбыз керек.  Айыл өкмөттөрдү депутаттар шайлады, депутаттарды эл шайлаган. Ошондуктан бир айдын ичинде  жергиликтүү  кеңештин депутаттары айыл өкмөттү бир айдын ичинде шайласын.  Эгер шайлай албаса анан гана премьер-министр өзүнүн сунушун айтсын. Убагында эл өзү шайлаган убактар деле болгон. Ал жерде ыйманы жоктор шайланып алып  иштешпейт же  мыйзам бузуу менен гана иштешет.  Анткени жаман иштесе иштен алып сала турган  укук айылдык кеңештин депутаттарында жок.   Эптеп эле креслого жетсем деп папка талашкандар дагы бар.  Айыл өкмөттөр иштеринин сапатын карабай  айлыктары, машина талап кыла башташат. Түз шайланып алса  ал эч кимди укпайт. Жергиликтүү кеңеш айыл өкмөттү шайлабаса анда аларды таратып жиберишет. Жок аларды таратпай иштей беришсин, түз шайлансын.

-Айыл өкмөттөрдү шайлоодо күрөө акчасы 30 000 сомго  жеткирүү тууралуу сунуш берип жатышат. Бул туурабы?

-Акчасы жок  бирок  билими жетиштүүлөр  кандай болуп калат анда. Айыл өкмөткө талапкерлер үчүн бул чоң акча.  Ошондуктан  бул адам укугун бузуу болуп саналат.   Күрөө акчасын  жогорулатпаса  бекерчилердин баары  талапкерлигин коюп алуу коркунучу бар деп жатышат. 30 000 сом чоң акча. Жок дегенде 15 000 сом болсо жетиштүү.

Ссылка: https://barometr.kg/content703



Добавить комментарий