Опера ырчысы Кундуз Карыпбаева: Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын материалдык эмес байлыгын сактоого колдоо көрсөтөт

2 октября 2017 17:02 498 www
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Чүй областынын Арашан айылында Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушту жана «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын шайлоочуларга сунуштады.

Сооронбай Жээнбековду колдоо ирээтинде Арашан айылынын жашоочусу, республиканын опера ырчысы Кундуз Карыпбаева сөз сүйлөп, шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоо чечимине келгенин билдирди. «Талапкер өз эмгек жолун катардагы мугалимден баштап, 40 жылдан бери мамлекет үчүн иштеп келе жатат жана мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтеринен өткөн экен. Бул жылдары аткарылган реалдуу иштер тууралуу гана айтайын. Мен опера ырчысы болуп иштейм жана биздин айлык акыбыз 80 пайызга көтөрүлдү. Сооронбай Жээнбеков айлык акылар жана пенсиялар дагы эки эсе көтөрүлөт деп айтып жатат, биз ага ишенебиз. Анткени бул киши куру убадаларды бербейт жана убада кылса - аны сөзсүз аткарат. Биз жолдор салынып, инфраструктура жакшырып жатканын көрүүдөбүз. Жаңыдан гүлдөп бүтүп, мөмө бергени жаткан даракты кайра отургузбайбыз да? Дал ушундай биздин да мамлекет жөнүндө айтса болот. Сооронбай Жээнбеков – бүгүнкү саясатты улантып, мамлекетке мөмө алып келе турчу киши. Ошондуктан мен Сооронбай Жээнбековго добушумду берем», - деп айтты Кундуз Карыпбаева.

Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын материалдык эмес байлыгын сактоого колдоо көрсөтөрүнө ишенгенин айтып, «Олжобай жана Кишимжан» операсынан үзүндү ырдап берди.

 

 

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. 

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 02.10.2017 ж.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7025



Добавить комментарий