УКМК жасалма доллар даярдап жана саткан топту кармады
Поделиться в:
15-сентябрда ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери чет элдик валютаны даярдап жана сатып жүргөн топту кармады. Бул тууралуу 2-октябрда аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бул маалыматка таянсак, 1968-жылы туулган Д.А. 19 800 доллар жасалма АКШ доллары менен кармалган. Ошондой эле бул ишке катышы бар делген дагы төрт жаран колго түштү.
Экспертиза жүргүзүлүп Д. А.дан алынган купюралар жасалма экени аныкталды. Мындай акча Кыргызстанга чет өлкөдөн келген.
Учурда кармалгандар камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content7018
Добавить комментарий ×