Президенттик аппараттын кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Мусабеков кызматынан бошотулду

2 октября 2017 13:55 345 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Мусабеков Алмазбек Обосбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

 Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content7008



Добавить комментарий